www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бажы боюнча Райымбекти күнөөлөй бербей, баарын соттосо ошондо коррупция менен күрөшүү адилеттүү болот. Мындай пикирин жазуучу Кеңешбек Айтикеев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Кызык, коррупцияны жоёбуз деп, чабагын кармап, Акуласына сөз тийгизбегендерине таң каласың. Кептин баары Акулада экенин баары билет, бирок ага сөз тийгизгенден баары жалтанат. Райымбек солдат, аткаруучу, айдап кел десе айдап келет, байлап кел десе байлап келе турган желдет. Аны көзөмөлдөп буйрук берип турган корбашы бар, ансыз чекарадан чычкан жорголобогонун баары билет. Бирок, чындыкка эч кимиси даап бара албай жатканы өкүндүрөт.

Эгер чындыкка тике карасак чек арада турган чек арачы, бажычылардан баштап, ошол тармакты көзөмөлдөгөн бардык органдарды, өкмөт, президентти кошо соттоо керек, себеби алар баары өздөрүнө жараша үлүштөрүн алып турушкан, муну элдин баары билет. Демек, бир эле Бажы боюнча Райымбекти күнөөлөй бербей, баарын соттосо ошондо коррупция менен күрөшүү адилеттүү болот», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости