www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Райымбек тууралуу ооз ачпайсыз" дегендер, макул ооз ачайын ошондон эле жашоо оңолуп кетсе. Кантип байыды, канчадан бери чуу болуп келе жатат, анын акчасына кыргыз саясатчылары кантип жыргады, каражатты кантип тапты, 2 миллиардды эмненин негизинде төлөдү, кандай айыптар тагылган, бажыда аны менен ошол мезгилде иштегендер кандайча четте калыш керек, пандемия учурунда Кыргызстандын жети облусу түгөл жардам алды, демек анын тапканы арамбы же адалбы, айтор бүтүндөй өлкөнүн "оозу" кантип булганды, баягы Кара-Сууга баргандар кайрылып, Райымбек менен көрүшпөчүдөй кантип беттери кызарбай отурат мунун баарын мен айтпасам деле эл көрүп турат. Кыргыз бийлиги жана укук коргоо тармагы Раим Матраимовду ири өлчөмдөгү коррупционер деп тапкан болсо, аны бардыгына үлгү кылып, 2 миллиард акчасын алдап, казынага төктүрбөй туруп, иш козгоп, камап, толук кандуу иш алып барышы керек болчу. Жок андай кылбай, көндүрүп, "кино" тартып, дуулдатып, 2 миллиард сомун төктүргөндөн кийин Түлеев айткандай "феномен экенсиң" деп өлкөгө иштетсе деле болмок. Эми анын аркасынан иликтегендер деле, акчасын урунгандар деле, карап отурган биз деле ашмалтай болуп жатып калдык. Ошол себептен жактоочулары "кайсы чиновник 2 миллиард төктү?" деген лозунг көтөрүп чыгып атышат....

Кечээ Райымбекти жактап чыккандарды актоонун дагы, каралоонун дагы чеги болушу керек. Эльнура Алканова туурасын айтты. "Жакшылыгын көрдүк, абийирди актоонун үстүндөбүз" деген пикирин туура эле түшүндүм. Чыкпай койсо да тепкилемекпиз....

ЖКнын депутаты Таабалды Тиллаев жогорудагы айтылгандарды түздөп келгенде эркектик кылды. Март айында эң биринчилерден болуп, Райымбектин 1500 тонна уну менен 500 тонна майын, ж. б. жардамын алып, Лейлекке таратып келген. Мен бердимби же башкалар бердиби? Райымбек жедиби, койдубу ал башка маселе. Илинчек болгон үчүн аркасынан түшүштү да. Ал эми кыйналган учурда элдин калың катмарына кол сунганы факты. Ошол себептен Таабалды Тиллаев ошончо саясатчылардан серейип жалгыз, депутат деген атын тараза ташка салып, жонуна тийген соккуну солк дебей көтөрүп, кечээ колдоп берди. Ал деле берки элиталардай ээгин катып отура берсе болмок....

Демек, биз өзүбүздү адал сезе турган болсок, кара суу ууртасак дагы кашкая карап, ийилбейли. Жегич делгендердин токочун жебейли. Жеп алсак, актанбайлы. Болбосо, тиги Кара-Суудагы Раимдин тоюна барып чандайып тойгон, Элнура айткандай, токочун далай жолу жеген, бүгүн анын башына иш түшкөндө, тымпыйып отурган элиталардай эки жүздүү болбойлу....

Райымбекти мага десеңер бышырып жегиле. Өзү дагы бер десе берип, ошончо акчасы туруп четке качпаган, камап туруп, чыгарып койсо кайра келе берген бала экен. Муну учурдагы кыргыз бийлигинин, мурдагы бийликтердин "алтын балыгы" десе жарашат. Мындай "алтын балыктар" көп. Өтө көп. Бир тобу Садыр Жапаровдун колтугуна кирип алды. Тазаласа, тандабай баарын тазалап салыш керек. Маселеби?

Канышай Мамыркулова, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости