www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын атайын багыттагы кызматынын жетекчисинин орун басары, подполковник Үсөнбек Ниязбековдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтамын. Алмазбек Атамбаев жөн кетпей кыргыздын бир жигитин ала кетти. Атамбаевди бир нече ай Кой-Ташта эркелетпей башында эле камаш керек болчу, -  дейт “Апрель” баатыры Бактыгүл Жумабаева NazarNews маалымат агенттигине.

--Бүгүн, 9-августта Ү.Ниязбековду жерге берип боздогон энесин көрүп кабыргам кайышты. Эч бир энеге баланын сөөгүн көрсөтпөсүн. Ооруканага жеткирилип, операция жасаган дарыгерлерде өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болбоптур. Эми жаткан жери жайлуу болсун. Самат Курманкулов деген уулубуздун дагы абалы оор дейт. Алтын башы аман болсун деп тилеп турабыз. Мээрбек Мискенбаевге дагы ок тийди деп уктук эле. Бирок Мээрбекке амалдуу ок тиет. Ал тийген октон бакыт, ийгилик таап жүргөн адам. Ошого көнгөн. Карабайсыңарбы кечээ дагы ага желим эле ок тийген турбайбы? Негизи эле кечээги Кой-Ташта Атамбаевди кармоо операциясы бийлик тарабынан туура болду. Бул аракет боюнча Сооронбай Жээнбековду колдойм. Алакандай Кыргызстанга стабилдүүлүк керек,- деди Бактыгүл Жумабаева.

Эске сала кетсек Бактыгүл Жумабаева, 2010-жылы “Апрель” Баатыры наамын алып, андан кийин УӨ мамлекеттик башкаруу системасына "түкүрүп", күбөлүгүн өрттөп салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости