www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манас айтуу ар бир Манасчынын дараметине жараша. Ар бир Манасчы чыныгы Манасчы болсо, окуя экрандагыдай болуп көз алдынан өтүп турат. Мындай пикирин жазуучу Бактыгүл Сейитбекова өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
«Манасчы деп кимди айтат? Манасчы деп, Манастын үч бөлүмүн тең толук айткан адамдарды айтат.
1.Манас
2.Семетей
3.Сейтек Манасчылык чоң касиет. Каалап Манасчы боло албайсың. Керек болсо, Манасчыны Манас баштаган баатырлар өздөрү тандап алат. Бакай аба баш болгон баатырлардын сынынан өткөн соң кыйын болсоң, Манасчы болбой көр. Жазасы өтө катуу. Же башыңды берип, же балдарыңды берип ошондо да кутулбайсын. Манас ата канчалык айкөл болсо, ошончолук каардуу дагы.
130 саат Манас айтуунун кереги да жок. Накта Манасчы 30 мүнөт айтканда, элди уютат чымын учса угулуп, уккан эл муюп берилип угат. Каармандарга аралашат, айтып жаткан Манасчынын сөздөру так, таасын, курч болуп ар бир угучуунун кулагынан кирип бой алышы керек. Көздү жумуп алып эле кыйкыра берген да болбойт. Бир сүйлөмүн, кайра кайра кайталап көрүнгөн жерине да кошо берген болбойт. Манас айтуу ар бир Манасчынын дараметине жараша. Ар бир Манасчы чыныгы Манасчы болсо, окуя экрандагыдай болуп көз алдынан өтүп турат. Апам, Семетейчи Сейдана Семетей айтып жатканда, төргө олтургузушса жылып олтуруп босогого келип калчу. Апамдын Семетейин кыргыз эли эле эмес, өзбек эли тамшанып муюп укканын, суранып угушканын көргөм.
Азыркылар элди күнөөлөшөт Манас укпайт дешип. Жок жеткире айта алсаңар, таза үн менен, таза жүрөк менен анда эле кыргыз эли кызыгып угат. Манасчылыктын касиети чоң. Манасчыга ошол касиети жетишүү, эч кандай саясаттын да кереги жок, пиардын да кереги жок, Гиннестин да кереги жок. Манас айткан Манасчы да майда болбойт, айкөл болот себеби, кыргыздын руханий дөөлөтүнүн, туу чокусу болгон көлөмдүү эпосту оозеки муундан муунга жеткирип олтурат.
Карылардан калган сөз,
Каттай жаттап алган сөз.
Бабалардан калган сөз,
Барктап баалап алган сөз.
Эч кимдин бузганга, булгаганга акысы жок! Дараметиң жетсе изденип, дагы сонун кылып көркөмдөп айт. Манастын көркөмдөп айта турган лирикалуу сонун жерлери бар. Мисалы: Баатырлардын кыз талашы, Айчүрөктүн Семетейди издеп учушу, Кыз Сайкалдын, Манаска тайбуурулду тартуу кылышы, Семетейдин Үргөнчкө келиши, жана башкалар... Дараметиң жетпейби, Манасчымын деп оозанбаш керек», - деген пикирин айткан Сейитбекова.
Булак: NazarNews.kg