www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Балбак Түлөбаев жок көркү чыкпай турат. Азыркылар Өкмөттү мактаган жагынан Балбак мырзадан “мастер класс” өтүп келишсе болот эле. Эмнегедир окшоштура албай жаткандай таасир калтырат. 

“Мен ар жак, бери жакка секирбейм. Мойнуңда кылыч турса да позицияңдан кайтпа” дегендей “учкул фразалар” айтылбай, депутаттар кепке чоркоктук кылып жатышат. 

Учурда Балбак мырза деле бакылдаган парламенттин трибунасы жок зээригип жаткандыр. Андыктан бош отурганча “курс ачып алса” катталып, окуйбуз дегендер чыкмак. Бир чети тажырыйбасын өөрчүтүп, экинчиден киреше түшмөк дегендей...

Негизи депутаттык шайлоодо “№28 көп мандаттуу шайлоо округунан №1 менмин, менден озо тургандар жок” дегендей, көктү карап калганынын кесиринен добуш алалбай, далайдын артында чаңга аралашып кала берди. Беш жыл бою эмгектенип койгон “пахталары” жардам берген жок. 

Ошентсе да “бакырчаак төөнүн бары жакшы” дегендей, такыр эле караанын көрсөтпөй кумга сиңген суудай жиги билинбей кетпей, соцтармак аркылуу деле көнгөн “обонун” созуп турса, бир кызматка илешип багы жанат беле? Балким аракет көрүп жаткандыр.

Последние новости