www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2023-жылга карата Билим берүү министрлигине 3 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, каражат реформага сарпталат.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Уланбек Мамбетакуновдон мектептердеги акылуу электрондук күндөлүк, китеп маселеси боюнча суроо узатты.

Мамбетакунов министрлик “Инфоком” ишканасы менен биргеликте электрондук күндөлүк иштеп чыкканын айтты.

“Электрондук күндөлүк 1 миң 140 мектепке орнотулган жана бекер болот. Ал эми окуу китептер боюнча мамлекет тарабынан 65 млн сом бөлүнгөн. Ал ар бир райондорго бөлүнөт”, - деди министрдин милдетин аткаруучу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости