www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КМШга кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал жолугушуусу 7-октябрда Санкт-Петербург шаарында өтөт. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.

"Эртең президент (Владимир Путин - ред.) Санкт-Петербургда иштейт... Эл аралык телефондук сүйлөшүүлөр (пландалган – ред.) бар, сиздерге маалымат беребиз. Түш ченде КМШга кирген өлкөлөрдүн лидерлери менен бейформал жолугушуусу болот", — деп билдирген ал журналисттерге.

Песковдун айтымына караганда, жолугушуу Константиновский сарайында өтөт. Россия лидеринин маалымат катчысы муну келерки жумада боло турган КМШ саммитине даярдыктын алкагында жүрө турган өтө маанилүү иш-чара деп атады.

Песков КМШ президенттери РФ лидери менен бир жыл эмес көп убакыттан бери тааныш болгондуктан Владимир Путинди юбилейи менен куттуктай турганын четке каккан жок.

"Адатта, протоколдо бул (куттуктоо – ред.) каралбайт. Белектерди негизи протоколдун жолу аркылуу беришет, бирок алар бири-бирин бир эмес, он жыл эмес, андан узак убакыттан бери билгендиктен, балким, туулган күнү менен куттукташат", — деген Песков журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

ЖМК өкүлдөрү Путинди башка мамлекеттердин башчыларынын куттуктоосу протоколдо каралганбы же жокпу деген суроону беришкен.

Песков жума күнү президенттин иши абдан көп болорун кошумчалаган.

"Ал эми үй-бүлөлүк иш-чаралар өзүнчө. Бул боюнча айтууну жактырбай турганыбызды жакшы билесиңер да", – деген маалымат катчы сөзүн жыйынтыктап жатып.

КМШга кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал жолугушуусу 2021-жылы Санкт-Петербург шаарында өткөн. Анда Путин түндүк борборго башка президенттерди жаңы жылдын алдында, 28-декабрда, чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости