www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында эле 13-августта мигранттарды каттоого жардам берүү өтүнүчү менен элчиликке кайрылганбыз, бирок дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери жолугушууга келген жок. Мигранттарыбыздын чек арага жапырт барып каттоосун жаңыртуусу тууралуу көп жолу маселе көтөргөм. Каза болгон жарандар чек арадан жаңы эле келе жаткан. Бул тууралуу жарандык активист Бакытбек Үсөнбаев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, элчи Гүлнара-Клара Самат көптөгөн арыз-даттанууларга, кайрылууларга карабай мигранттардын көйгөйлөрүн чечпей келет.

«Урматтуу кыргызстандыктар, мекендештер!

Урматтуу кыргыз элим!

Кырсыктын кесепетинен 14 мекендешибиз каза болгон кечээки трагедияны Кыргызстандын ар бир жараны жүрөгүн сыздатуу менен кабыл алды. Бул трагедияны президентибиз, биздин акимдер жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери алдын алса болмок! Дагы бир жолу айткым келет, жакында эле, 13-августта мигранттарды каттоого жардам берүү өтүнүчү менен элчиликке кайрылганбыз, бирок дипломатиялык өкүлчүлүктүн өкүлдөрү жолугушууга келген жок. Мен жарандык активист Бакытбек Үсөнбаев биздин мигранттар массалык түрдө Орусия менен Казакстандын чек арасына барып, каттоо көйгөйүнө туш болуп, аны узартуу үчүн кайра Кыргызстанга кайтып келүүгө аргасыз болуп жатканын бир нече жолу көтөрүп чыккам. Тилекке каршы, биздин элчибиз Гүлнара-Клара Самат биз менен жолугушууга келген жок. Бул анын жоопкерчиликсиз аракети деп ойлойм. Мына ушул суроону мен биздин элчибиз Гүлнара-Клара Саматка бергим келген. Кечээ 14 мекендешибиз каза болгон коркунучтуу кабарды жүрөгүбүз сыздап кабыл алдык. Бизге сабаттуу, компетенттүү элчи керек, Клара Самат мигранттардын көйгөйлөрүнүн бирин да чечкен жок, жадакалса өзүн да көрө элекпиз.

Урматтуу президент Садыр Нуркожоевич!

Биз дипломатиялык жол менен жарандарды каттоо маселесин чечип, бул трагедияны алдын алсак болмок. Мигранттарыбыздын бирден-бир көйгөйү – каттоо маселеси, алардын ортосунда биздин жарандарды алдап жүргөн ортомчулар көбөйдү”, - дейт жарандык активист Бакытбек Үсөнбаев. 

Эске салсак, 2022-жылдын 21-августунда Орусиянын Ульяновск облусунда болгон жол кырсыгынан 16 адам каза болгон, алардын 14ү Кыргызстандын жарандары. Үч кыргызстандык аман калып, алардын абалы оор деп бааланууда.

Президенттин чечими менен 23-август Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости