www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжандын премьер-министри Али Асадов КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго Россия Федерациясындагы жол кырсыгынан Кыргызстандын жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандарынын каза болгондугу жана жаракат алгандыгы тууралуу кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Кырсыкка байланыштуу Сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына, жалпы Кыргызстан элине терең кайгыруу менен көңүл айтам, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин каалайм», - деп айтылат Али Асадовдун көңүл айтуу телеграммасында.

Эске салсак, кечээ, 21-августта, жергиликтүү убакыт менен саат 14:00 ченде Ульяновск облусунун Николаевск районунда жүк ташуучу унаа токтоп турган маршрутканын артынан сүзүп 16 адам мүрт кеткен. Анын ичинен 14ү Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Микроавтобус эки жүк ташуучу унаанын ортосунда жанчылып калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости