www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
21-августунда Ульяновск облусунда Кыргыз Республикасынын 14 жараны каза болгон жол кырсыгына байланыштуу Министрлик билдирүү жасады.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери жүрүшөт. Укук коргоо жана жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара аракеттенүү жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, кызматкерлер жабыркаган Кыргыз Республикасынын 3 жаранына барышты. Алардын абалы оң динамика менен туруктуу оор деп бааланып, керектүү дары-дармектер менен толук камсыз болгон.
"Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү үчүн атайын учакты уюштуруу иштери жүрүүдө.
Соттук-медициналык экспертизалар бүтүп, өздүгүн тактоо жол-жобосу жүргүзүлүп, Россиянын тергөө органдарынан маркумдардын сөөгүн алып чыгууга уруксат алынгандан кийин, Орусия тарап менен макулдашуу боюнча атайын рейс жакын арада Ульяновск шаарына учат.
Министрлик жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги каза болгондордун жакындары менен байланышта", - деп айылат маалыматта.
Каза болгон жана жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандарына маалымат берүү үчүн «ишеним телефондору» күнү-түнү иштөөдө: Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги: +7 977 947 55 80, +996 551 312-000 (WhatsApp), КРнын РФдагы Элчилиги: +7 (926) 861 50 98.
Булак: NazarNews.kg