www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Ульяновск облусундагы кырсыктан жапа чеккен үч адамдын абалы боюнча маалымат берди.

Билдирмеге караганда, жабыркаган кыргыз жарандары Ульяновск облустук ооруканасына жаткырылган.

"Элчиликтин жана ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери кырсык болгон жерге ыкчам барып, жабыркаган жарандардын абалынан кабар алып, дарыгерлер менен жолугушуу өткөрүшкөн. Жаракат алган мекендештердин абалы оор болгону менен жакшы жагына жылыш бар. 22-августта Ульяновск облусунун губернатору аталган факт боюнча жолугушуу уюштурган. Элчиликтин кызматкерлери каза болгон мекендештердин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн тийиштүү органдар менен тыгыз байланышып, иш-чараларды жүргүзүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 21-августта, жергиликтүү убакыт менен саат 14:00 ченде Ульяновск облусунун Николаевск районунда жүк ташуучу унаа токтоп турган маршрутканын артынан сүзүп 16 адам мүрт кеткен. Анын ичинен 14ү Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Дагы үч адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Микроавтобус эки жүк ташуучу унаанын ортосунда жанчылып калган. Кырсыкты шарттаган фуранын айдоочусу да каза болгону айтылды.

Соцтармакка тараган видеодо мекендештер миграциялык документтерин иретке келтирүү үчүн чек арадан чыгып, кайра кирип келе жатышканын айтышууда. Маркумдардын аты-жөнү такталып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости