www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада жана башка шаарларда жашаган көптөгөн орус жарандары чет өлкөлөргө кетип жатышат. Бул тууралуу Москвада жашаган жарандык активист Бакытбек Үсөнбаев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, азыр коомдо дүрбөлөң болуп, мобилизацияга байланыштуу ызы-чуу болуп жатат.

«Жеке мен комиссиядан өттүм, алар мени менен сүйлөшүү жүргүзүшүп, ал жарым саатка созулду. Бирок, мен Орусиянын алыскы аймагында катталгандыктан, менин маалыматтарым атайын базага киргизилип, чакыруу кагазы катталган жерине келет дешти. Мобилизация жарыяланганда коомдо түшүнбөстүктөр жаралып, көптөгөн ушак-айың кептер тарап кетти. Чакыруу келгенде биринчи кезекте ден соолугуңду, үй-бүлөнүн курамын карашат. Эгерде Россия Федерациясынын жаранынын 3төн ашык баласы болсо, анда ал кызматка чакырылбайт, андан тышкары ден соолугунун абалын карап, жалгыз багуучуларды эске алышат. Эч кандай толкундануу жок. Эч ким кармалбайт жана күч менен согушка жөнөтүлбөйт», - деди жарандык активист.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости