www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо башталды

Кыргыз Республикасынын «Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасын ЕАЭБге кирүү үчүн түзүлгөн Жол картасынын талабын аткаруу максатында 2016-жылы пилоттук райондордо, ал эми 2017-жылы бүткүл республикада ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо жана каттоо жүргүзүү иш-чаралары башталды.

2016-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин 4 млн 602,9 миң даана ири мүйүздүү малдын кулак биркасы жер-жерине жеткирилип, 4 млн.083,0 миң даанасы ири мүйүздүү малдарга тагылып, каттоого алынды.

2022-жылдын 23-сентябрына ЖИКС маалымат тутумунда активдүү (тирүү) 1 млн.728,1 миң баш ири мүйүздүү мал, 13,2 миң баш чочко, 301,5 миң баш жылкы, 8,4 миң баш асыл тукум кой-эчки, ошондой эле топтук идентификацияланган жаныбарлар 78,8 миң аары бал челектер, 670 көлмөлөр жана 37 үй канаттуулар чарбасы идентификациядан өткөрүлүп, каттоого алынды.

Жаныбарларды идентификациялоонун негизги ролун улуттук маалымат тутуму – Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестри ойнойт, ал Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасы (ЖИКС) деп аталат. Маалымат тутумунда ар бир жаныбар тууралуу маалымат (жеке идентификациялык номери, туулган күнү, жынысы, тукуму же жүндүн түсү, энесинин идентификациялык номери, малдын ден-соолугу тууралуу маалымат (эмдөө, диагностика), ар бир кыймылдын датасы жана союлган же мал союулучу жайга жөнөтүлгөн күнү жана изилдөө протоколу чыгарылган күнү камтылат.

Мал союлган, өлгөн, эскпорттолгон же болбосо мал ээсинин айтуусунда сатылган деген статуста ЖИКС маалыматтык тутумунда активдүү эмес статуска өткөрүлүп, чыгышталат. Бүгүнкү күнгө 1 млн 459,4 миң баш ири мүйүздүү мал чыгышталган.

Ветеринардык коштомо документи форма №1а жериндеги жеке ветеринардык адис аркылуу ЖИКС маалыматтык тутумундан электрондук түрдө чыгарылып, мал союучу жайга келип Ветеринардык коштомо документи форма №2а чыгарылып, андан кийин Ветеринардык – санитардык экспертиза лабораторияларында эт азыктарынын изилдөө жыйынтыктары электрондук түрдө (QR-код менен) чыгарылып берилип жатат.

Ошондой эле жаныбарлардын кан үлгүлөрү лабораторияга ЖИКС аркылуу жөнөтүлүп, изилдөө жыйынтыктары маалыматтык тутумуна киргизилүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости