www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак үйдүн апендилеринин жоруктары….

Илгертен бери бай- кедей болуп бөлүнүп, жашоо мыйзамы салттуу уланып келгени тарыхта белгилүү, ал доор — ​Көчмөндөр доору деп аталган. Азыркы биздин ошол кездеги салык менен азыркынын цивилдүү доордогу кыргыз турмушунун айрымасы барбы? Мансаптуулардын, бийлердин укум- тукумуна чейин уланып келген салттуу жапайы мыйзамын үстөмдүк кылганда дагы баш ийип жашоо кечирген элге, ошол доор кайтып келдиби? Жана азыркы бийлик капчыктуулардын мыйзамы үстөмдүк кылган мезгилди оң жолго сала алабы?

Дүйнөлүк тажрыйбада өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдү бириктирип эл үчүн кызмат кылууга өбөлгө түзгөн мамлекеттик система бар. Ошол эле мезгилде бардык саясий күчтөрдү бириктирип, анын ичинде оппозицияны кошуп эл үчүн эмес бир ууч адамдардын кызыкчылыгы үчүн иштөөсүнө өбөлгө түзгөн система болуп жатат. Бизде 2010-жылдан баштап экинчи типтеги мамлекеттик системаны түзүп алышты. Ошондуктан азыркы бийлик эл үчүн эмес, өздөрү үчүн иштеп, элдин байлыгын жоопкерчиликсиз түрдө талап-тоноп жегенге өтүштү.

Мамлекеттик система бийликке бийлик өкүлдөрүн, өздөрүн оппозиция дегендерди жана криминалдын адамдарынын келишине жол берген система. Чынында парламент элдин, улуттун күзгүсү болушу керек эле. Ал жерде байы, кедейи, жашы-карысы, аялы бардыгы бирдей калпта келип иштөө тартиби, укугу каралып ушундай биримдикте болушубуз шарт эле. Бирок, бизде капчыктуулар келип алып, элди багып чеке жылытса жакшы, андай болбой кайра элдин эсебинен байыганга өтүштү. Байыркы доордун бийлери элди карап ашы жокко аш берип, жыртык жерин бүтөп бөтөн элге сөз болбой элин багып келген. Азыркы доордун адамдары анык тескерине айланды.

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости