www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Бакыт мырза, муфтиятта шайлоо процесси кайсы чекке жетти?

- Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) кезектеги шайлоосу, мындайча айтканда, мусулмандардын курултайы ар кандай себептер менен үч жолу жылдырылды. Аны менен дин комиссиясынын жетекчиси да алмашылды. Экинчисинде, тагыраагы, май айында өтө турган сынакта биринчилерден болуп муфтийликке талапкерлер, анан борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына талапкерлер сынак беришип, аалымдар кеңешине келгенде шайлоо жылдырылып калса, мында биринчи, тактап айтканда, аалымдар кеңешине 61 талапкерлер 21- июнда сынакты жалпы кагаз түрүндө беришсе, 22-июнда оозеки беришти.

Ал эми 23-июнда борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына 14 талапкер сынактан өттү. 24-июнда муфтийликке 9 талапкер сынактан өтөт. 25-июнда аалымдар кеңешинин талапкерлерди каттоо жана аттестация комиссиясы жыйынтыгын чыгарып, аалымдар кеңешине салат. Ошол эле күнү аалымдар кеңеши, азирети муфтийди, борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасын, аалымдар кеңешинин жаңы курамын (21 мүчөсүн) шайлап, курултайга жөнөтөт. 26-июнда мусулмандар курултайына ар кайсы аймактардан келген делегаттар бекитилет. Азыр ушул процесстер жүрүп жатат.

- “Абал курчуп жатат” дешүүдө...

- Абал өтө деле курч эмес, кээ бир гана муфтийликке талапкерлердин адамдары башка талапкерлерге карата кара пиар жасап жатышат. Болгону ушу.

- Саясый интригалар да күчөгөнүн угуп жатабыз...

- Мен аны туура эмес көрөм, анткени шариатта алардын жасаганы “фитна” болуп калат.

- Максатбек ажы да өз командасы менен муфтиятта “погода” кылып жатканы ыраспы?

- Ага мындай жооп берет элем: ачык айтканда, Максатбек ажы азыр “погода” кыла турган акыбалда эмес. Аны түшүндүрүп кажети жок деп ойлойм. Кудай буюрса жыйынтыкты көрөлү, азирети муфтий ким болот? БТКнын төрагасы ким болот? Аалымдар кеңеши (21 мүчө) кандай жаңыланат? Илимдүү жаштар келеби? Регионалдык маселе каралабы?.. Ин шаа Аллах, көрөбүз!

Булак: Азия News гезити

Последние новости