www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Биз НПОдон «Азаттыктан» кутулмайын Кыргызсан өнүкпөйт», - деди бүгүн, 28-февралда ордо калаада өтүп жаткан тынчтык митингинде эл өкүлү Бакыт Райымкулов.

«НПО эл менен байликтин ортосунда башаламандлыкты жаратууда. Бизде НПОлорго эч кандай мыйзам жок, алар каалагандарын эркин жасап жүрүшөт. Аларга мыйзам чегинде чара көрүлмөюнчө төңкөрүштөр боло берет. Биз НПОдон, «Азаттыктан» кутулмайын Кыргызсан өнүкпөйт. «Азаттыктын» башында Роза Отунбаева турат. Отунбаева кыргыздын чыккынчысы.

Ал эми Райымбек Матраимовду бүгүнкү күнгө чейин каралап келди. Бүгүнда ордо калаада он беш миң адам чогулган болсо, НПО 50дөй адам гана чогулду деп жалган маалымат таратып жатат.

Биз азырттан аларга карата чара көрүп башташыбыз керек. Анткени, алар мурдагы бийликти кетирген. Эми болсо азыркы бийлик Садыр Жапаровго өтө баштады. Батышчыл идеологияны кармангандар өлкөдөн чыгып кетсин!», - деди ал.

Эске сала кетсек, кыргыздын чыгаан уулу Райымбек Матраимовду колдоо иретинде бүгүн, 28-февралда Ош шаарында саат 12:00до мөөнөтсүз тынчтык митинги 15 миңден ашуун жарандардын катышуусунда болуп өттү. Митингдин негизги талаптары сот жана укук коргоо органдарынын акыйкаттуулугу ошондой эле, «Азаттык» үн алгысынын бир тараптуу каралоосу өлкөнүн стабилдүүлүгүнө коркунуч жараткан чагымчылдыгын токтотууну талап коюлду. Жыйынтыгында атайын резалюция кабыл алынып, калдайган калк Райымбек Матраимовго ак батасын берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости