www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-февралда Ош шаарынын борбордук аянтында жүздөгөн адам катышкан акция өтүп жатат. Чогулгандар Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдоп, аны абактан чыгарууну талап кылган ураандар айтышууда.

Митингде бейөкмөт уюмдардын, «Азаттык» радиосунун ишмердүүлүгүнө каршы пикирлер айтылып жатат.

Бүгүн Матраимовдун бир тууган агасы Искендер Исмаилович да тынчтык акциясына катушууда.

«Айтыла турган сөз калган жок. Баарыңарга ыраазычылык билдирем. Менин бир тууганымды мен эмес бүгүн калайык калк мактап турат. Менин инимдин ак экенин билем. Аны эл колдоп, көтөрсүн. Бирок, менин митинг өткөрүү оюм жок эле. Буга мажбур болдук. Бизге карата көптөгөн каралоолор, жалган жалаалар айтылып келди. бирок эл билет биздин кандай экенин», - деди ал.

Эске сала кетсек, кыргыздын чыгаан уулу Райымбек Матраимовду колдоо иретинде бүгүн, 28-февралда Ош шаарында саат 12:00до мөөнөтсүз тынчтык митинги 15 миңден ашуун жарандардын катышуусунда болуп өттү.

Митингдин негизги талаптары сот жана укук коргоо органдарынын акыйкаттуулугу ошондой эле «Азаттык» үн алгысынын бир тараптуу каралоосу өлкөнүн стабилдүүлүгүнө коркунуч жараткан чагымчылдыгын токтотууну талап коюлду. Жыйынтыгында атайын резалюция кабыл алынып, калдайган калк Райымбек Матраимовго ак батасын берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости