www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакыт Рыспаев:

Акимдерге мүмкүнчүлүк, укук бермейин, ротация кылуудан пайда чыкпайт. Мындай пикирди Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бакыт Рыспаев айтты. 

Анын айтымында, ал Ысык-Көл облусунунун Тоң районунда беш жыл аким болуп иштеген. Кийин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болгон. 

"Акимдин орду, укугу толук чечилген эмес. Бийлик акимдерди ротация кылды, эми жыйынтык күтөт. Бирок, азыркы кыйчалыш кырдаалда региондогу ишти жылдырыш үчүн ошол жерди жакшы билген адам керек. 

Кадр кандай кыйын болгон күнү да районду тааныганча жок дегенде 1-2 жыл өтөт. Азыркы күндө бардык финансы айыл өкмөтү менен мэриянын колунда. Мен аким болуп беш жыл иштедим. Акимде бюджет жок, акимдин резервдик фонду деген бар, ал жакта болбогон эле акча.

Дотацияда турган райондордун резервдик фонду 300-400 миң сом. Бул эмнеге жетет? Акимдерге мүмкүнчүлүк, укук бермейин, ротация кылуудан пайда чыкпайт", - дейт Рыспаев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости