www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лондондогу Империялык колледждин жана Кембридж университетинин окумуштуулары COVID-19 илдетинен жабыркаган бейтаптардын интеллект деңгээли олуттуу төмөндөгөнүн аныкташкан. Бул тууралуу эл аралык басылмаларга таянып Sputnik Казакстан жазды.

Алар 81 337 кишини катыштырып тажрыйба жүргүзүшкөн. Анын 12 689у COVID-19дун ар кандай формасы менен ооруган. Аң-сезимдин мүмкүнчүлүктөрүнүн аспектилерин өлчөө максатында тесттик тапшырма даярдалган. Натыйжада ооруга чалдыккандардын көпчүлүгү, анын ичинде жеңил түрү менен сыркоологондор да вирус жукпагандарга караганда тапшырмаларды аткарууда кыйналышкан. Айрыкча, аргументтерди жана пландоо көндүмдөрүн талап кылган маселелерди чече алышкан эмес.

Мындан тышкары, узакка созулган COVID-19дун симптомдору катары "мээдеги башаламандык", ойду бир жерге топтой албагандык аталды.

Психиканын бузулушунун олуттуулугу бир жагынан оорунун күчтүүлүгүнө байланыштуу болгон. Жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылышы керек болгон бейтаптарда эң чоң кыйынчылыктар аныкталган. Тагыраагы, алардын аң-сезиминин деңгээли жети пунктуга төмөндөгөн. Мындай көрүнүш инсультка кабылып, бир нерсени үйрөнүүгө жөндөмү жок болуп калгандарда да байкалган эмес.

Ошондой эле окумуштуулар таанып-билүү жөндөмүнүн төмөндөшү менен вирус жуккандан бери өткөн убакыттын ортосундагы байланыштын бар-жогун текшеришкен. Натыйжада эч кандай байланыш байкалбай, COVID-19 орду толгус кесепеттерге алып келет деген бүтүмгө келишкен.

Буга чейин Берлиндеги Charite университетинин клиникасынын биологдору SARS-CoV-2 адамдын мээсине жыт сезүүчү былжыр челиндеги нерв клеткалары аркылуу кирерин аныкташкан. Бул адамдагы баш оору, чарчоо жана "мээдеги башаламандык" сезими сыяктуу неврологиялык көйгөйлөргө алып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости