www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө көмүскө басылып чыккан китептер көп. Бул тууралуу «Китепстан» басма үйүнүн директору Бакытбек Абдуллаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, диний, өзүн өнүктүрүү, бизнес тармагындагы китептер көп сатылат. Бирок кошумча нарк салыгы жогору (12%) болгондуктан, көмүскө китеп көп чыгарылат. Мындан улам канча китеп басылып чыкканы боюнча так маалымат жок.

Китепке каралган салыктар төмөндөтүлсө, сатууга, маркетингге, китептин бааларына да оң таасирин тийгизет.

Китеп окуу маданиятын жайылтуу үчүн мектептерде китеп окуу көндүмдөрүн жайылтуу шарт. Мындан тышкары ата-энеси китеп окуган бала да китеп окуйт. Андыктан ата-энелерге чоң жоопкерчилик жүктөлөт.

«Учурда жаңы китептердин баасы кымбат. Мамлекет башка тармакка каражатты кам санабай эле берет. Бирок китеп сатып алууга акча бөлүнбөй жатат. Мамлекеттик китепканаларга китеп сатып алууну приоритеттүү багытка айлантуу зарыл. Муну менен жок дегенде окуган коомду китепканага тарта алабыз», - дейт Абдуллаев.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости