www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакытбек Атаханов, "ЭРЕМ" спорт клубунун кик бокс боюнча тренери. Учурда 60ка жакын балдарды спорт менен машыктырып келет. 

--Учурда канча баланы машыктырып жатасыз?

--Азыр бизде 60 га жакын бала К-1, кик-бокс менен тай-бокска машыгып жатат. Машыктырууда алардын эпчилдигине карап тандап алабыз. Кээ бири бир ай же бир жылда даяр болуп калат. Дайыма машыгып жүргөн балдар күнүнө эки маал машыгуу кылышат. Эртең менен 10дон 12ге чейин, кечкисин 8ден 10го чейин. Ал эми жаңыдан машыгууга кошулгандарды жумасына 3 жолу гана катыштырабыз.  

--"ЭРЕМ" спорт клубундагы балдар Азияга же чет жерлерге барып мелдештерге катышып жүрүшөт. Өздөрүнүн  каражатына барышабы?

--Буга чейин өзүбүздү өзүбүз каржылап келген болсок, азыр биздин президентибиз Райым Матраимов өзү колдоп каражат жагын каржылап келе жатат.   

--Машыгуудан катуу жаракат алгандар барбы?

--Ооба, катуу жаракат алган учурлар болот. Кече эле эки балам бутун колун сындырып алды. Бирок, машыгууну жаракаты айыкканча токтотуп, кайра улантышат. 

--Алдыдагы пландарыңыз тууралуу айта кетсеңиз?

--Алдыда чоң максаттарыбыздын бири "EРЕМ" спорт клубун дүйнөгө чыгаруу. Бизден тарбияланып чыккан жаш балдарды колдоо жана көтөрүү. 

Эскерте кетсек "ЭРЕМ" клубундагы жаштар Кыргызстанга белгилүү дүйнөлүк чемпион Шайлообек Атазовдун колунда тарбияланат. Азырынча алды ийгиликтүү алдыда келе жатса, спорттун эң оор түрү болгон джиу-джитсу менен өспүрүмдөрдү тарбиялап келүүдө. Буюрса алдыда аталган "ЭРЕМ" спорттук клубунан чыккан жаштар канчалык атаандашынын далысын жерге тийгизип, оозун кыйшайта чабат күтө туралы.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости