www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 26- апрелинде Бишкек шаарына караштуу Бакай-Ата жаңы  конушунун №85 орто мектебинин жыйындар залында “Зордук зомбулукка каршы  бирдиктебиз” аттуу кароо сынактын жыйынтыгы чыгарылды.

Аталган иш-чарага ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздукту  камсыздоо кызматынын кызматкерлери, “Демократиялык процесстерди изилдөө  борбору” коомдук фондунун өкүлдөрү, Свердлов районунун социалдык  өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери, мектеп мугалимдери жана  ата-энелер комитетинин өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өттү.

Бул иш-чарада ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн  окуучуларга жеткирүү жана Кыргыз Республикамсынын Өкмөтүнүн 2019-2020 – жылдардагы буюрмасынын негизинде өлкө аймагында жаш өспүрүмдөргө карата зордук зомбулукка каршы маалыматтык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

“Зордук зомбулукка каршы бирдиктебиз” аттуу кароо сынак 2019-жылдын  6-апрелинде башталган жана төмөндөгүдөй номинациясында болду;

Эң мыкты дубак гезити, эң мыкты макала, эн мыкты театр сахнасы.

Жогорудагы иш-чарада эрте турмуш куруга каршы, зордук зомбулукка каршы,  сексуалдык зомбулукка каршы видео роликтер көрсөтүлдү жана жашы жете  электер менен иштөө инспекторунун маалыматы окулду.

Бул маалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости