www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министрлиги Facebook баракчасына баланы 1-класска электрондук каттоодон кантип өткөрүү керектигин түшүндүргөн видео жарыялады.

Белгилей кетсек, 15-февралдан тарта Бишкектин мектептеринде электрондук каттоо башталат. Ушул эле долбоор февралдын ортосунда Ош, Кара-Балта, Кызыл-Кыя, Жалал-Абад шаарларында да башталып, 15-августка чейин уланат.

Видеодо көрсөтүлгөндөй, электрондук каттоодон өтүү үчүн www.mektep.edu.gov.kg сайтына кирүү керек. Ал жактан тиешелүү бөлүмдөргө кирип, бош талааларды толтурган соң ата-эненин паспорту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана жашаган жеринен маалым каттын көчүрмөсү тиркелиши шарт.

Эгер ата-энелерде түшүнбөгөн суроолор жаралса, 0312 54 30 24, 0706 12 22 11, 0776 12 22 114, 0556 12 22 11 номерлерине чалса болот.

Министрлик баланы эртерээк электрондук каттоодон өткөрбөсө, мектептерде бош орун калбай калышы ыктымал экенин эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости