www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балбак Түлөбаев: "Арзан айыл чарба кредиттери дыйкандарга жетпей, баягылар эле алып жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев быйыл элеттеги фермер, дыйкандарга "Айыл чарбасын каржылоо – 11" долбоорунун алкагында каралган 3 миллиард сомдук жеңилдетилген кредит даректүү жетпей, дыйкан, фермерлер эмес, баягы эле эптүү шумпайлар алып жатканын айтып чыкты. 

Депутаттын айтымында арзан пайыз менен берилген айыл чарба кредиттери элге жетпей жатат. Мындан улам, берилип жаткан насыялар боюнча эл нааразы экенин билдирди. 

Бул туурасында эл өкүлү: "Алты пайыздык айыл чарба кредитин берип жатабыз дейбиз, бирок элге жетпей жатат да. Баягылар эле алып жатат, иштеп жүргөндөр жолдорун билет экен да. Карапайым элге жеткирүүнүн жолун издешибиз зарыл. Болбосо муну жөн эле коюш керек, элди экиге бөлүп ызы-чуу кылбай. Өкмөт менен отуруп иштебейлиби, карапайым элдин катмарына жетсин, болбосо жарыя кылбай эле коюш керек. Чоң көйгөй ушул", — деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости