www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балбак Түлөбаев президентке кайрылды

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Балбак Түлөбаев Балыкчы шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн чатырын алмаштыруу керектигин айтты.

"Балыкчыда 3-4 кабаттуу үйлөр көп. Аларды жеке менчик деп эч ким карабайт. Каралбай калып, үстүнөн суу тамчылап жатат. Өкмөт ошого да көңүл буруп, жок дегенде чатырын алмаштырып берип койсоңор ичине суу тамчылабай калат эле. Же мэрияда акча жок, же өкмөттүн мыйзамдары ага жол бербейт", - деди Түлөбаев.

Ошондой эле ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, бул маселеге өзү киришпесе эл аябай кыйналганын белгиледи.

Депутат мындан сырткары шаардын башкы планын чийүү тапшырмасын бир жыл миурда эле айтылганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости