www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңеште жарнама ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзам долбоору депутаттардын сын-пикирлери менен комитетке кайтарылды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев тышкы жарнактардын 99% орус жана англис тилдеринде жазылганы үчүн мамлекеттик органдарга кайрылып, чиновниктер өз милдеттерин так аткарса, бүгүн шаардын мынчалык боталасы чыкмак эмес деди.

Төрага Шакиев Экономика жана коммерция министрлигинин, Маданият жана маалымат министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрүнүн мекенчилдик сезими жок деп сындады.

"Шаарды аралап көргүлөчү. Борбордук көчөлөрдөн баштап майда көчөлөргө чейин бир дагы кыргыз тилинде жарнама көрбөйсүң. Дээрлик 99%ы башка тилде. Уят да эми. Тиешелүү мекемелер силер эмне үчүн сөзсүз эле жарандардын кайрылуусун күтүп отурасыздар?! Эмнеге өзүңөр бул мыйзам бузуу менен күрөшпөйсүңөр? Силерде мекенчилдик сезим жок. Бул жерге келип жомок айтып отурасыңар. Эгерде силер иштегенде мындай жагымсыз көрүнүштөр болмок эмес. 

Жарнамалар биринчи кыргыз тилинде, чоң тамгалар менен жазылышы керек. Ал эми англисче менен орусчаны мага демектен башына илип алсын. 

Көзүңөрдү чоң ачып баарыңыр өз милдеттериңерди аткаргыла. Бардык тиешелүү мекемелерге уят. Ушундай көрүнүштөр улана берсе, келечек силерди кечирбейт", - деди төрага.

Ал эми депутат Кундузбек Сулайманов жарнама жаатында мыйзам бузуу аныкталганда кандай чара колдонуларына кызыкты.

Өз кезегинде министрлер кабинетинин өкүлү жеке жактарга 5500 сом, юридикалык жактарга 17 миң сомго чейин айып пулдар каралганын кошумчалады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору комитетке кайтарылды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости