www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев 1-февралдагы  парламенттин жыйынында президент Жапаровдун короосуна кошоматка ороп таш ыргытты. 

Көпчүлүк аны көнгөн адатынча кошомат кылып жатат деп кабылдашты. Бирок сөз төркүнүнө үңүлсөк, Балбак мырза Жапаровго кошомат кылган болуп, жылдырып сокту. 

Башкача айтканда, мамлекеттин карыз алып жатканы кадимкидей эле көрүнүш экенин, андан трагедия издештин кереги жоктугун белгилеп келип: "Карыз алып башкарбайм деген болбогон иш. Карыз алып башкаруу экономиканы өнүктүрүүнүн бирден-бир жолу. Мен карыз албайм, карыз албай туруп мамлекетти башкарам десе, ал саясатчы эмес, жалганчы популист. Карыз албай өлкөнү башкарам дегенге такыр ишенбеш керек", - деп бакылдады. 

Мындан улам, суроо жаралат. 

Балбак мырза, Садыр Жапаров бийликке келгенде "карыз албай, карыз берген өлкө кылам" деп убада берди эле. Ошондо "карыз албай башкарам деген жалганчы, популист" экен да туурабы? Сиз ушул ойду айткыңыз келди да, чынбы? Сиздин логикага таянсак ишенбешибиз керекпи? 

Мынчалык эмнеге сыйгалыксыз? Алкынды самындай алаканга токтобой жылмыша бересизби? Президентти түз сындай албай, кошомат аркылуу какшыктап, ич күптүүңүздү айтып турайын дедиңизби? Ойкубай-кайкыбай оюңузду ачык айткандан коркуп, пахтага таш ороп согуп жатасызбы?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости