www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Кыргызстандан чыгарылгандан бери биринчи жолул социалдык баракчасына билдирүү жазды. Ал өзүнүн фейсбук баракчасына өзүнүн депортацияланышы мыйзамсыз болгонун жазып, аны колдогон элге ыраазычылык билдирди.

"Мына мен кайрадан сиздер менен. Мен бир эле учурда бир нече суроолорго жооп берем. Мени өлкөдөн депортациялоо таптакыр мыйзамсыз. Бул ачык эле көрүнүп турат. Мен Кыргызстандын жаранымын. Мен эч качан жарандыктан чыккан эмесмин.

Өз жаранын өлкөдөн чыгаруу - бул дүйнөлүк соттук практикада нонсенс катары эсептелет.

Менде баары жакшы. Мен биринчи кезекте тыныгуу алдым. Экинчиден, эки дос жана алардын жан-жөкөрлөрү менин жашоомду кыйындатканга аракет кылышты, бирок мен багынбадым. 

Биздин команда кадимкидей иштей берет.

Анын үстүнө биз Кыргызстандагы эң чынчыл жана эффективдүү командалардын бири экенибизди далилдедик. Ал эми ушул эки жыл ичиндеги эң маанилүү жетишкендигибиз «Темиров Live» жана «Айт Айт Десе» командасынын түзүлүшү. Жакында жаңы чыгарылыштарга күбө болосуздар! Ал эми кабатыр болгондорго, жазгандарга, өзгөчө жардам бергендерге чоң рахмат! Баарыңар "суперсиңер", - деп жазган Темиров.

Эске салсак, иликтөөчү журналист Болот Темировго 23-ноябрда жасалма документ жасаган деген айып менен жаза катары депортациялоо чечими чыккан. Чечим дароо аткарылып, Темировду сот залынан күч менен аэропортко алып барышып, Москвага жөнөтүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости