www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Балбак Зарлыкович, мамлекеттик кызматкерлерди коргоо боюнча бир мыйзам долбоору даярдалып жаткан экен. Мурдагы чиновник катары буга көз карашыңыз кандай?
-- Мамлекеттик кызматкерлер көп өлкөлөрдө корголот. Министр депутат болот, депутат болбогон кишилер министрликке бара албайт. Бизде да ошол практиканы киргизгени жатышат.
Бул туура эле, бирок мындай жол менен эмес. Себеби, ал же депутат болушу керек, болбосо өкмөт мүчөсүнө андай болбойт да...
-- Алардын жүйөсү “азыр мамлекеттик кызматкерлер коркуп эле эчтеке кылбай калышты” деп атышпайбы?
-- Ал андан эмес. Андай отмазка кылбасын. Мен деле Бишкекте мэр, Ысык-Көлдө губернатор болуп, чечимдерди кабыл алгам. Болгону уурдабаш керек. Уурдаба да, ар кандай чечимди чыгара бер...
-- Эдил Байсаловдун иши сизди канааттандырабы?
-- Эдил Байсаловдун кызматына канааттанам. Ал өзүнүн ишин жасап жатат. Өзүнүн пикирин ар дайым ачык айткан өкмөт мүчөлөрүнүн бири. Кандай иштээрин турмуш көрсөтөт, бирок өз оюн тартынбай айтканы мага жагат.
Аракетин кылууда. “Өкмөт мүчөсү дудук болуп, жалгыз гана депутаттар сүйлөшү керек” деген туура эмес. Баары өз оюн айтышы керек.
Булак: Азия News гезити