www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Өкмөт кумаркана боюнча чыккан мыйзамды колго алып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек», - деди бүгүн, 25-июнда NazarNews маалымат агенттигине генерал Артур Медетбеков.
- Арыбаңыз, Артур мырза. Кумаркана ачуу мыйзамы Жогорку Кеңештен колдоо тапканы түрдүү пикирлер айтылуу. Неге коомчулукта бул мыйзамдын кабыл алышын терс кабылдагандар арбын болууда?
- Негизи кумаркана Кыргызстанда биринчи эмес, экинчи жолу ачылганы жатат. Биринчи жолу ачылганда бардык жарандар үчүн ачык болчу. Ким кааласа ойночу. Бирок, салыкка канчалык салым кошкону боюнча так цифралар эч жерде жок.
Азыркы кыргыз бийлиги казинолор туризмди өнүктүрүү максатында чет элдиктер үчүн гана ачыла турганын айтышып, коомчулукту дүрбөлөңгө салган чуулуу мыйзамды тез арада алып коюшту. Ошон үчүн өкмөт казинолор иштесе кандай болоору боюнча элге так маалымат беришсе, мынчалык сындар айтылмак эмес.
Элге түшүндүрүү иштери жетиштүү болбогондуктан, коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Ошондуктан өкмөт казино боюнча чыккан мыйзамды колго алып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек.
- Кумаркана арам андан түшкөн каражат да арам болот деп жатышат го. Бул боюнча кандай пикирдесиз?
- Мен кумаркананы арам дегенге кошула албайм. Бизде тамеки жана спирт ичимдиктерин чыгарган заводдор бар. Алардан түшкөн салыктар бюджетке түшөт. Бюджетке түшкөн каражат пенсия, пособиеге жана айлык маянага бөлүнөт.
Эгер арак дагы арам болсо, анда аракты өндүргөн заводдорду да жабыш керек деген маселе жаралат. Бирок, бюджетке салым кошуп, элди иш менен камсыз кылган заводдорду арам деп жаба берсек, салык жыйноо, бюджетти толтуруу кыйынга туруп калат.
Эмнегедир кумаркана маселеси чоң саясатка айланып кетти. Бири-бирине каршы тукуруп, коомчулуктун башын айлантканды токтотушубуз керек.
- Бирок, Жогорку Кеңештин депутаттарынын көбү намаз окуса да бул мыйзамды эмне үчүн колдоду деп жаткандар да бар го?
- Жогорку Кеңештин депутаттары да кумаркана кыргызстандыктар үчүн эмес, чет элдик жарандар үчүн ачылып жатканы үчүн колдошкондур. Себеби, бюджетти толтуруу үчүн өкмөттүн келтирген жүйөсүнө ынанышкандыр.
Депутаттар «кумаркана иштесе салык да түшөт, бюджет да толукталат, инвесторлор келет» деген жүйөлөр үчүн макул болушкандыр.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт коюшту.
Ошентип аталган мыйзам экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат «макул», тогузу «каршы» болду. Беш депутат добуш берген жок.
Депутаттар арасында казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиргендер болду.
Өлкөдө бир катар нааразылыктан улам кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар айтылып келген.
Булак: NazarNews.kg