www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия - Украина согушу башталган 24 - февралдан бери 12 миллиондон ашуун адам жер которду.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик Нью-Йорктогу штаб-квартирасында күнүмдүк маалымат жыйынында : "Орусиянын Украинага кол салганынан бери төрт ай өттү. Бириккен Улуттар Уюмунун Украина кризиси боюнча координатору Амин Авад согуштун 12 миллиондон ашуун украиналыкты жер которушуна себеп болгондугун, туруктуу чечим табуу керектигин айтты", - деди.
БУУнун Украина өкмөтү жана аймактагы 300дөн ашуун жарандык өнөктөшү менен тыгыз кызматташканын белгилеген Дужаррик, негизги темаларда жардам берүү үчүн ушул убакка чейин 9 миллион кишиге жетишилгендигин билдирди.
Дужариик : "Украинанын чыгыш аймактарында чукул жардамга муктаж болгон жарандарга гуманитардык жардам жеткирүүгө чакырууну улантабыз", - деп кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg