www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир адамдын акысын жеген адам эч качан адам болбойт. Мындай пикирин Бишкек шаарынын мэринин мурдагы милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев бүгүн, 9-февралда өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
Бирок, ал мындан кийин кайсы кызматка барарын айткан жок.
«Мен азыр эс алып, дарыланып алайын деп жатам. Өз эрким менен жумуштан кеттим. Мени эч ким кетирген жок. Бул менин жеке чечимим.
Андан сырткары мен кайсы кызматка барам бул маанилүү эмес. Маанилүү нерсе өлкөнүн биримдиги, бүтүндүгү. Мени айтышыңар мүмкүн алдыдагы иштерин аткарбай кетти деп, ал иштер буюрса ишке ашат деген ойдомун.
Мамлекеттик кызматка барбай деле элге жардам берсек болот. Мен таза иштедим деп айта алам, текшерсеңиздер чыгат баары. Бир да адамдын акысын жебегенге аракет кылдым. Бир адамдын акысын жеген адам эч качан адам болбойт», - деди Түлөбаев.
Булак: NazarNews.kg