www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркияда унаа сатуучу жайдын кызматкери COVID-19 вирусун жуктурган адамдын шилекейин 70 долларга сатып алып, кожоюнунун чайына кошкон. “LADbible” чет элдик басылмасы маалымдагандай, айыпталуучунун иши сотко өткөн.
Маалыматка ылайык, автосалондун ээси Ибрахим Унверди кызматкерине унаа келишими үчүн 215 миң түрк лирасын берген. Бирок ал, эртеси кожоюнуна чалып, акчаны келишим түзбөй насыясына төлөөгө жумшап жибергенин айткан.
Унвердинин айтымында, анын кызматкери аны өлтүргүсү келгенин башка жумушчулардан уккан.
Шектүү коронавирусту жуктуруп алган адамдан шилекейин 70 долларга сатып алып, аны кожоюнунун чайына кошкон.
Бирок, Унверди аны ичпегендиктен, оору ага жуккан эмес. Жумушчу жетекчисин өлтүрүү үчүн ушундай кадамга барганын мойнуна алган.
Автосалон ээси милицияга кайрылган. Учурда кармалган адамга адам өлтүрүүгө аракет кылган деген айып тагылууда.
Булак: NazarNews.kg