www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп иштеп жаткан Андрей Акимов бул кызматтан 3-февралда бошотулган. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Галина Байтерек билдиргенин «Азаттык» радиосу жазып чыкты.

Анын айтымында, Акимов президентке кеңешчи болуп 2020-жылдын 11-ноябрында дайындалган жана бул кызматта коомдук негизде гана иштеп жаткан.

Галина Байтерек 8-февралда интернетте Акимов буга чейин Казакстанда соттолгону тууралуу маалымат чыкканын, бирок ал азыр президенттин кеңешчиси эместигин айтты.

8-февралда Кыргызстандагы маалымат сайттарынын бири Жапаровдун инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча кеңешчиси Акимов мурда маңзат ташуу үчүн соттолгонун, Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө тиешеси бар экенин жазып чыккан.

Акимов өзү же анын жактоочулары бул тууралуу комментарий берише элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости