www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай актрисасы муруну жок калышы мүмкүн

Атактуу Кытай актрисасы жана ырчы Гао Лю социалдык тармактагы баракчасына мурду бузулган сүрөтүн жүктөп, пластикалык операциянын зыяндуулугун эскертти.

Гао Лю ырчылыкты аркалоодон тышкары, бир нече тасмаларда роль жаратып, телекөрсөтүүлөрдө алып баруучу болуп, популярдуулуктун туу чокусуна жеткен. Бирок, акыркы айларда эфирлерге чыкпай, тасмаларга тартылбай калган. Себеби «мындан да сулуу болом, атактуулугумду арттырам» деген ой менен жасаткан пластикалык операциясы ийгиликсиз аяктап, мурдунун териси жабыркап, карарып баштаган.

Мындай натыйжаны күтпөгөн актриса социалдык тармактагы баракчасына:

«Ушул төрт саат түштүн башталышы болот деп ойлогон эмесмин. Мурдумдун териси күндөн-күнгө карарып баратат», — деп, жашагысы келбей калганын, жашоого болгон нааразычылыгын жазган.

Гао Лю мунун кесепетинен эки ай клиникада жатып чыгууга аргасыз болгон. Бул убакыт аралыгында ал 60 миң доллардан ашык акча короткон. Дарыгерлер мурдунун көп бөлүгү жабыркагандыгына байланыштуу, бир жыл бою кайрадан операция жасоого болбой турганын эскертишкен.

Маалымат Кытайдын социалдык тармактарында жана интернет басылмаларда чуу жаратып, актрисага операция жасаган клиника административдик айып пул төлөгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости