www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы топтолгон маалыматтарга таянсак, Ухандагы базарга коронавирус илдети кантип пайда болуп калганын аныктоо мүмкүн эмес. Бул тууралуу КЭР Мамлекеттик саламаттык сактоо комитетинин башчысы Лян Ванниан билдирди.

«Вирустун алгачкы учурлары Ухань деңиз азыктары базары менен, башкалары башка базарлар менен байланыштырылса, кээ бирлери мындай байланышты көрсөтүшкөн жок. Балким, Ухань деңиз азыктар базары вирустун жайылышынын борборуна айланышы мүмкүн... бул маалыматтар менен Sars Cov-2 Ухандагы рынокту кантип басып калганын аныктоо мүмкүн эмес» - деди ал ДСУнун эл аралык эксперттик тобунун Кытайга болгон иш сапарынан маалымат жыйынында.

Ошондой эле, ал COVID-19 Ухань шаарында 2019-жылдын декабрь айына чейин тарагандыгы жөнүндө жетиштүү далилдер жок экенин баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости