www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-февралда «Ысык-Көл» мейманканасын шаардык мэриянын карамагына өткөрүү маселеси каралды. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин жыйында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, аталган мейманкана мыйзамда жергиликтүү башкаруу бийлигине караганы көрсөтүлгөн, бирок кайсы кызматка тийиштүү экени мыйзам тактаган эмес.

«Ысык-Көл» мейманканасы 2005-жылы эле талкаланып калган. Күндөн-күнгө талкаланып олтуруп, азыр такыр жок болуу коркунучунда.

Өкмөт, президенттик ишти башкаруу бөлүмү бизден ушул инвестицияны тартуу максатында «Ысык-Көл» мейманкасын тарыхий-маданий макамын алып коюу боюнча суранып жатат. Аталган мейманкананы мэрияга берип коюңуздарды суранам», - деди Балбак Түлөбаев.

Бул долбоор Шаардык кеңештин жыйынында бир добуштан кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости