www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан жана Россиянын Ички иштер министрликтери менен Бажы кызматтары биргеликте Россиядан Кыргызстанга ири өлчөмдөгү «Alpha-PVP» психотроптук затын мыйзамсыз ташыган жана саткан каналдын ишине бөгөт койду. Бул тууралуу КР Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Бишкек шаарында 2006-жылы туулган М.А.Т. аттуу жаран кармалган. Иликтөөнүн жүрүшүндө ал балдар үчүн электр унаасын алгандыгы аныкталган. Оюнчук унааны текшерүү учурунда ичинен жалпы салмагы 1 килограммды түзгөн «Alpha-PVP» психотроптук заты табылган.

Шектүү жашаган батирди тинтүүнүн журүшүндө баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө даярдык көрүлгөндүгүн тастыктаган буюмдар алынган.

Алдын ала эсеп боюнча, табылган психотроптук заттын баасы 4 миллион 500 миң сомдон ашмак. Натыйжада Кыргызстандын аймагында психотроптук заттын 4200дөн ашык дозасынын таркашына бөгөт коюлду.

Учурда каналдын бардык катышуучуларын, уюштуруучуларын, ошондой эле буга байланыштуу башка фактыларды табууга багытталган тергөө улантылууда.

Последние новости