www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манас шаарында «Акылман» президенттик лицейинин салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев да катышты.
Лицей 410 окуучуга ылайыкталган. 2026–2027-окуу жылында үч этаптуу сынактан ийгиликтүү өткөн 144 окуучу 7–8-класстарда билим алат.
Жалпысынан алты класс-комплект түзүлүп, ар бир класста 24төн окуучу окуйт.
Окуу жайда 35 заманбап кабинет, профилдик лабораториялар, жабык спорт залы, бассейн, актылар залы жана ачык спорт аянтчалары бар.
Ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайык кичи футбол талаасы жана волейбол аянтчасы курулган.
Лицейдин педагогикалык жамаатына конкурстук негизде 30 мугалим, 12 тарбиячы жана 15 ийрим жетекчиси кабыл алынган.
Ачылыш аземинде Адылбек Касымалиев лицейдин окуу корпустары менен таанышып, мугалимдер жана окуучулар менен баарлашты.
«Билимдүү, мекенчил жана намыскөй муун — биздин эгемендигибиздин эң бекем калканы.
Элибизде ынтымак, жергебизде тынчтык болсун! “Акылман” мектебине ак жол каалайбыз!» — деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.