www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагында жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында «Өспүрүм-Түн» аталышындагы рейд өткөрүлдү.

Рейдди Исхак-Полотхан милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери уюштурган. Иш-чаранын жүрүшүндө түнкү убакта коомдук жайлар текшерилип, «Баяман-Баатыр» базарындагы кафе жана дүкөндөргө көзөмөл жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, жашы жете электердин коопсуздугун камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Рейддин жыйынтыгында укук бузган жашы жете элек өспүрүмдөрдүн мыйзамдуу өкүлдөрүнө карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 4 протокол түзүлүп, ата-энелерге айып пул салынды.

Ички иштер органдары мындай рейддик иш-чаралар жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында улантыларын белгилешти.

Последние новости