www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматы баалуу металлдар, баалуу таштар жана зергер буюмдары менен иш жүргүзгөн жактарды атайын эсепке коюу жол-жобосун электрондук форматка өткөрдү.
Эми ишкерлер арызды жана керектүү маалыматтарды салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу салык органына барбастан, онлайн түрдө тапшыра алышат.
Ошондой эле колдонуучулар арыздын статусун электрондук түрдө көзөмөлдөп, кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын онлайн ала алышат.
Арыз каралып бүткөндөн кийин атайын эсепке коюу жөнүндө күбөлүк жана атайын эсепке коюу картасы түзүлөт.
Салык кызматынын маалыматына ылайык, жаңы система кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү азайтып, ишкерлердин убактысын үнөмдөөгө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу процессин ыңгайлуу жана ачык-айкын кылууга шарт түзөт.
Атайын эсепке коюу жол-жобосунун санариптештирилиши баалуу металлдар, баалуу таштар жана зергер буюмдары жаатындагы мамлекеттик жөнгө салууну модернизациялоо жана автоматташтыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ишке ашырылды.