www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байден менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 15-16-ноябрь күндөрү Чоң жыйырмалыктын саммити өтө турган Индонезиянын Бали аралында дипломатиялык жолугушуусун баштады. Бул тууралуу Синьхуа маалымат агенттиги билдирди.

Ак үйдүн расмий өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнө караганда, Байден Си Цзиньпинди өлкөлөр ортосундагы диалогду кайра баштоого чакырууну, ошондой эле дүйнөлүк саясатта тең салмактуулук тутумун сактап калууга макулдашууну пландаштырууда.

Эске салсак, буга чейин Байден АКШ кырдаалды түз чырга жеткирбей, Кытай менен активдүү атаандашууга ниеттенип жатканын билдирген.

"АКШ КНР менен активдүү атаандашат жана КЭРдеги адам укуктарынын бузулушу боюнча өз пикирин айтат, ошол эле учурда ачык байланыш линияларын сактап, атаандаштык конфликтке айланып кетпешин камсыздайт", - деди Байден.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости