www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу Түркия Стамбулдагы кол салуу кайдан координацияланганын аныктаганын билдирди. Ал ошондой эле өлкө жардырууга байланыштуу АКШнын көңүл айтуусун кабыл албасын билдирди. Анын айтымында, эгер террорчу кармалбаганда ал Грецияга качып кетмек, деп билдирет CNN Turk.
«Биз кол салуу кайда координацияланганын билебиз. Бизге берилген билдирүүнү алдык жана ал кабар эмне экенин билебиз. Америка элчилигинин көңүл айтуусун кабыл албайбыз. Биз эч кимге чыккынчылык кылган жокпуз, бирок бул чыккынчылык иштерге чыдай албайбыз. Истиклал көчөсү биз үчүн абдан маанилүү. Кол салган адамды кармабаганыбызда бүгүн Грецияга качып кетмек», - деди Сойлу.
Ошол эле учурда Стамбул полициясы кол салууну Сириянын жараны 1999-жылы туулган Ахлам Альбашир аттуу аял жасаганын билдирди. Бийликтин айтымында, аны Күрдистандын Жумушчулар партиясынын бөлүктөрү даярдаган. Белгилүү болгондой, кыз 1,2 миң көзөмөл камерасындагы жазууларды изилдөөнүн аркасында кармалган.
«Биздин эсептөөлөр боюнча, буйрук Кобаниден (Сириянын түндүгүндөгү шаар), ал эми чабуулду жасаган адам Афринден (Сириянын түндүк-батышындагы шаар) келген. Тергөөчүлөрдүн колунда болгон далилдер жардырууну Демократиялык биримдик партиясы (Сириядагы Күрт жумушчу партиясынын согушчан канаты) уюштурганын көрсөтүп турат», — деп Анадолу Сойлунун сөзүн келтирет.
Буга чейин министр Стамбулдагы терактка байланыштуу АКШнын расмий көңүл айтуусун сынга алып, жакын арада жооп берилерин белгилеген.
«Менин оюмча, Америка Кошмо Штаттарынын көңүл айтуусун, өлтүргөн адам окуя болгон жерге биринчилерден болуп келгендиги катары баалоо керек. Жана бул билдирүүгө реакция абдан ачык болот. Бул Аллахтын уруксаты менен жакынкы убакта көрүнө баштайт», - деди ал.
Анкара Күрдистан Жумушчулар партиясын террордук уюм деп эсептейт. АКШ армиясы Сириядагы жаңжал учурунда күрт аскерлерине колдоо көрсөткөн.
Стамбулдагы жардыруу 13-ноябрда Стамбулдун Истиклал көчөсүндө болгон. Алты адам каза болуп, кеминде 81 адам жарадар болгон.
Булак: NazarNews.kg