www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балыкчы шаарында 5-класстын окуучусу сабалган. Балыкчы ШИИБи NazarNews маалымат агенттигине окуянын чоо-жайы тууралуу билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-апрель күнү болжол менен саат 18:30 чамасында Балыкчы шаарынын 1988-жылы туулган И.А. аттуу тургуну Л.Толстой мектебинде 5-класста окуган кызы Н.У.ну классташ кыздары сабап салганын билдирген.
Жогорудагы факты Балыкчы ШИИБдин маалыматтык электрондук журналына каттоого алынып, тергөөгө чейинки тешкерүү иши башталган.
"Жабырлануучу кыз эки классташы менен сабактан тарап келе жатышып, пикир келишпестиктен улам ортолорунда уруш чыккан. Натыйжада эки окуучу Н.У.ну сабап салышкан. Ал алган жаракатынан улам Балыкчы шаарынын ооруканасынын жаракат бөлүмүнө жаткызылган.
Ал эми жабырлануучу Н.У. төмөндөгүчө көрсөтмө берген: 13-апрель күнү болжол менен саат 16:00 чамасында тактап айтканда 4-сабак учурунда өзү 3 деген баа алып, ал эми ага кол салган классташынын бири 2 деген баа алган. 2 алган классташы аны күнөлөп, сабактар бүтүп болжол менен саат 18:00 чамасында үйгө кетип бараткан учурда аркасынан 2 класста кызы келип тийишип видеого тартышып, жерге кулатышып сабап жатканынан жерге жатып өзүн коргоо максатта таш менен урганын жана таш эч кимге тийбегенин билдирген", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми аталган тергөөгө чейинки текшерүү иши боюнча Н.У. алган дене жаракатын аныктоо максаттында соттук-медициналык эскпертиза дайындалып жана кошумча күбө адамдарды аныктоо максаттында тергөө тапшырмасы берилген.
Булак: NazarNews.kg