www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Де-Факто» газетасынын 15-октябрь 2018-жылкы чыгарылышындагы «Жер ээн болсо донуз добого чыгат» же «Балыкчыдагы былыктын бети качан ачылат» аттуу макалага карата билдирүү.

«Судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгына талаптардын бузулгандыгы жөнүндө ага каршы кандай гана айыптоолор болбосун төгүндөөнү же алардын негизсиздигин таанууну талап кылууга укуктулугу тууралуу «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 5-2-беренесинин 1-болумунун негизинде, 15-октябрь 2018-жылы «Де-Факто» газетасына жарыяланган «Жер ээн болсо доңуз дөбөгө чыгат» же «Балыкчыдагы былыктын бети качан ачылат?» аттуу макала боюнча мага катарата коюлган айыптоолордун төгүндүгү жана негизсиздиги тууралуу өзүмдүн пикиримди айрым бир фактылардын негизинде NazarNews.kg маалымат агенттиги аркылуу окурмандарга билдирүүнү туура деп таптым.

15-октябрь 2018-жылы «Де-Факто» газетасы жана башка массалык маалымат каражаттарына «Жер ээн болсо доңуз дөбөгө чыгат» же «Балыкчыдагы былыктын бети качан ачылат?» аттуу макала жарыяланып, анда 2010-жылы 7-апрель окуясынан кийин Балыкчыдагы материалдык резервдер фондундагы азык-түлүкко эсеп жүргүзүү максатында Р. Отунбаеванын 26-ноябрда чыгарган буйругунун негизинде Ысык-Көл областынын ФГМР жетекчиси Кожонов А. К. ж.б. тарабынан эсеп-кысап жүргүзүлүп, 7000 тонна буудай уурдалгандыгы аныкталгандыгы, бул факт боюнча Финансы полициясы тергөө жүргүзүп, айыпкер А. С. Торокуловдун кылмыш иши сотко өткөндө, Балыкчы шаардык сотунун судьясы Дюшембиева М. айыпкерди актоо тууралуу өкүм чыгаргандыгы маалымдалып, судья М. Дюшембиеваны жана бул ишке эч тиешеси жок соттордун тартип комиссиясын каралап, жалган маалымат таркатылгандыктан, Төрөкуловдун кылмыш иши боюнча судья кайсы негиздерде актоо өкүмүн кабыл алгандыгы билдирилет.

Кылмыш иш материалдары боюнча Балыкчыдагы элеватор жабдыктары менен бирдике Б. А. Мусаевага тиешелүү болгон.«АКП Элитные хлебопродукты» жоопкерчилиги чектелген коом 21.10.2009-жылы арендага алуу тууралуу келишим түзгөн. Эртеси, б.а. 22.10.2009-жылы ФГМР-нин директору Жусупов У. Т. Балыкчы шаарындагы «Элитные хлебопродукты» жоопкерчилиги чектелген коомдун директору Ташбаев А. Т. менен «Элитные хлебопродукты» жоопкерчилиги чектелген коомдун кампаларында мамлекеттик материалдык резервдер фондундусуна тиешелуу азык-түлүктү (буудай) сактоо тууралуу келишим түзүшкөн. Ушул келишимдин негизинде Ысык-Көлдө жыйналган буудай «Элитные хлебопродукты» жоопкерчилиги чектелген коомдун кампаларына жыйналчу.

Макаланын автору белгилегендей, 2010-жылы 7-апрель окуясынан кийин, бийлик баш аягын жыйганча «Элитные хлебопродукты» жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси А. Ташбаевди баш кылып, анда иштеген Торокулов С. ж.б. жарандарды тергөө учурунда аныкталбаган адамдар зомбулук менен кетиришип, «Элитные хлебопродукты» жоопкерчилиги чектелген коомдун кампаларынан мамлекетке тиешелүү болгон 7000 тоннага жакын дан азыгын ташып кетишкен.

Жыйынтыгында 2010-жылдын май айынан бери качып, Россияда жүргөн Торокулов А. С. Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 171-беренесинин 4-болугунун 1,2-пунктары кылмыш иш козголуп, соттун кароосуна өткөн. Квалификациялык белгилери: кызмат абалынан пайдалануу менен ишенип берилген өзгөчө ири өлчөмдө мүлктү ыйгарып алуу же төлөмдөрдү бөлүү.

Кылмыштын субъектиси Төрөкулов А. С. кызмат абалынан пайдалангандыгын далилдөөчү документ кылмыш иш материалдарында жок. Ал качан, кандай кызматка дайындалгандыгы тууралуу буйрук иш маатериалдарына тиркелген эмес. Ал эми «Элитные хлебопродукты» жоопкерчилиги чектелген коомдун жалгыздан жалгыз учредители Ташбаев А. Т. болгон иш барагы-127 2-том). Ташбаев А. Т. менен соттолуучу Торокуловдун ортосунда мамлекетке тиешелүү дан азыгын сактоо же башка материалдык жоопкерчиликти жүктөө тууралуу келишим түзүлгөндүгүн аныктоочу документ иш материалдында жок. Ал турсун 7000 тонна дан азыгы А. Төрөкуловго өткөрүлгөндүгү тууралуу да документ жок. Соттолуучунун көрсөтмөсүнө караганда ал кампа (склад) башчысынын кызматын аткарчу. Соттук отурумда Торокулов А. кызмат абалынан пайдаланып, өзгөчө ири өлчөмдө мүлктү ээлеп алгандыгы далилденген жок.

Макаланын автору уурдалган буудай 10 тонналык камаз менен ташыса 700 камаз, ал эми поездин 50 тонналык вагону менен ташыса 140 вагон болот деп, туура көрсөткөн.

10 тонналык камаз автоунаасы менен 700 жолу жүктөлүп, ташылган буудайды 7 адам көргөн жокпу?-деген суроо туулган. Көрсө «абийири бар кызматкерлер» арызын жазып кетишип, тергөөгө жардам бербей олтурушкан турбайбы.

Соттолуучу Төрөкулов А. кылмыш ишин качан баштап, качан бүткөн, б. а. «Элитные хлебопродукты» жоопкерчилиги чектелген коомдун кампаларынан 700 Камаздык буудайды кимдер менен канча убакыттын ичинде алып чыгып кеткени тууралуу иш материалдарында бир далил жок.

Иш материалдарында 14-май 2010-жылы түзүлгөн Акты бар, анда мамлекеттик резервдеги буудайды сактоо тууралуу 22.09.2009-жылкы келишимдин негизинде жооптуу болгон Ташбаев А., элеватордун заведующийи Төрөкулов А. иш ордунда жоктугу көрсөтүлгөн. Ошол боюнча жоголуп кеткен Төрөкулов А. 01- июнь 2016-жылы Россия Федерациясынын территориясынан кармалып, алынып келинген.

Кыргыз Республикасынын жазык процесстик кодексинин 18-статьясынын 3-пунктунда соттолуучуга коюлган айыптоону далилдөө милдети айыптоочуга жүктөлөрү, ал эми Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинде эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эместиги. Күнөөлүү экенине карата ар кандай шектенүү айыпталуучунун пайдасына чечмеленери, Жазык иши боюнча күнөөнү далилдөө түйшүгү айыптоочуга жүктөлөрү белгиленген.

Кыргыз Республикасынын жазык процесстик кодексинин 316-статьясынын 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн мыйзамдык нормада соттолуучунун кылмышты жасоого катышуусу далилденбесе, актоочу өкүм чыгарылат.

Иш материалдары боюнча жана соттук териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча соттолуучу Төрөкуловдун күнөөсү далилденбегендиктен актоо өкүмү кабыл алынган.

17-август 2017-жылы соттолуучу Төрөкуловго карата чыгарылган актоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Ошондой болсо соттолуучу Төрөкуловго карата кылмыш ишин кароодо ишти кароодо мен, Дюшембиева М. М. Кыргыз Республикасында жазык иштери боюнча сот акыйкаттыгы сот тарабынан гана жүзөгө ашырыларын эске алуу менен мыйзам чегинде соттолуучу С. Торокуловду актоо тууралуу чечимди кабыл алганмын.

Макаланын автору белгилегендей «Балыкчыдагы былыктын бети эртедир –кечтир ачылыш керек болчу. Күнөөсү далилденбесе да, актоо өкү үчүн жоопкерчиликтен коркуп, Төрөкуловду күнөлүү деп табуу тууралуу өкум чыгарган күндө чыныгы кылмышкерлердин бети ачылбай калмак. Балыкчынын элеваторунан 7000 тоннага жакын буудайды уурдагандар учун абдан керек өкүм болчу. Анкени «күнөөлүү табылды, кыңыр иш жабылды» болуп калмак.

Иш материалдарында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан түзүлгөн акты бар. Анда 21-май 2010-жылы комиссия тарабынан визуалдуу эсептөө жүргүзүлүп, кампаларда 2860.28 тонна мамлекетке тиешелүү дан азыгы жетпей калгандыгын аныкташкан. Эки айдан ашык убакыт өткөндөн кийин 30.07.2010-жылы экинчи жолу ушул эле комиссия эсептөө жүргүзүп 3808.80 тонна дан азыгы жетпей калгандыгын аныкташкан, андан беш ай өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 26.11.2010-жылкы буйругунун негизинде 06-декабрь 2010-жылдан баштап, 28-февраль 2011-жылга чейин кампалардагы буудайды эсептеп чыгышып 6903,674 тонна мамлекетке тиешелүү буудай азыгынын таланып, жок болуп кеткендиги аныкташкан. Улуттук валюта менен эсептегенде уурдалган буудайдын баасы 180334926 сомду түзгөн.

Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө «Элитные хлебопродукты» жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси А. Ташбаевге карата ушул эле эпизод менен козголгон кылмыш ишин кароо учурунда ФГМР-нин ишеним каты боюнча өкүлү 180334926 сом өлчөмүндө мамлекетке келтирилген чыгымды өндүрүү тууралуу арызды кароосуз калтыруу тууралуу арыз менен кайрылган. Эмне себептен? Тергөө органы тарабынан такталган эмес/

2010-жылдын май айынан баштап декабрь айына чейин, 8 (сегиз) ай бою мамлекетке тиешелүү дан азыгы кимдир бироонун кайтаруусуна, жоопкерчилигине өткөрүлүп берилген эмес. Эмне себептен? Четинен таланып жок болуп жаткан мамлекетке тиешелүү буудай дан азыгы ошол эле комиссиянын мүчөлөрү ФГМР-нин жетекчилери эч кандай чара колдонгон эмес. Мамлекеттин байлыгын, элдин ырыскысын уурдагандар тергөө органдары тарабынан такталып, аныкталып кылмыш жазасына тартылышкан эмес.

Мындай баш-аламандыкты өмүрү көрбөгөн «абийири бар кызматкерлер» арызын жазып чыгып кетишпей эле, чындыгында эле абийири бар болсо мамлекетке тиешелүү дан азыгы уурдалып, тонолуп жаткандыгы боюнча тиешелүү органдарга билдиришмек. Тилекке каршы көптөгөн коррупциялык иштер кандайдыр бир себептер менен жабылып, уурдап жегендер көмүскөдө калган бул иш боюнча.

«Жер ээн болсо доңуз дөбөгө чыгат» же «Балыкчыдагы былыктын бети качан ачылат?» аттуу макаланын автору Камчы Кадыров өзү макаласында жазгандай арызын жазып чыгып кеткен «абийири бар кызматкерлердин» же «уят болгон кыз, уят болбогон кыздын бетин тытат» болгондордун буйуртмасын аткарууда иштин жагдайын териштирип, чын-бышыгына жетип, анан сотторду соттоса акыйкат болмок.

Дюшембиева М. М.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости