www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарандардын банктык эсебинен компьютердик технологияны пайдаланып акчасын уурдаган 2 шылуун кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери аталган кылмышка шектүү жарандарды кармашты.
"Кылмышка шектүүлөр 8 жарандын банктагы эсебинен акчаларын интернет жана компьютер технологияларын пайдаланышып, өздөрүнө караштуу башка эсепке, банктык карточкага которуп жүрүшкөн. Шектүү катары кармалгандар 2000-жылы туулган Б.С. жана 1998-жылы туулган М.Я. Жалпы 8 адамдын эсебинен жалпысынан 186 миӊ сом жана 800 доллар акча уурдалган. Учурда алдамчылык беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ак-Буура милиция бөлүмү дагы жабырлануучулар болсо аталган бөлүмгө кайрылууну суранат", - деп жазылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg