www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2019-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты контракттык турак жай-сактык каражаттар системасынын катышуучуларынын турак жай-сактык аманаттарын (депозиттерин) милдеттүү коргоого алуу системасынын иши боюнча укуктук нормаларды түзүүгө багытталган. Аманаттарды (депозиттерди) коргоо системасы, гарантиялык учур келип жеткенде «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Мыйзамында каралган суммада жана ыкмада компенсация сунуштоо аркылуу контракттык турак жай-сактык  каражаттар системасынын катышуучуларын коргоого, ошондой эле бүтүндөй финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылууга багытталган. Мындан тышкары, контракттык турак жай жыйымдар механизмин колдонууга киргизүү, натыйжалуу финансылык чечимдерди ишке ашыруу аркылуу республика калкынын турак жай менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатууга багытталган жана контракттык турак жай-сактык каражаттар механизмин ишке ашыруу мамлекеттин жарандарына гана эмес, банк тутумуна жана курулуш секторлоруна, анын ичинде курулуш материалдарын өндүрүүчүлөргө да таасирин тийгизет.

Кабыл алынган мыйзамда контракттык турак жай-сактык каражаттар механизми эки баскычтан турат: биринчи топтоо баскычында ар айлык аманаттарды салуу аркылуу баштапкы сумманы жыйноо, ал эми экинчи баскычта — контракттык турак жай-сактык каражаттар системасынын катышуучусу топтолгон сумманы, аманат боюнча сый акыны жана кредитти алып, жалпы суммага турак жай сатып алышы же курушу мүмкүн.

 

Последние новости