www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев атасынын жана өзүнүн абалы боюнча үн катты. Акыркы күндөрү мага карата жазылган билдирүүлөрдү карасам:

«Эмнеге атаң жөнүндө үн катпайсың? Кырдаал тууралуу оюң кандай? Эми эмне болот?» - деген суроолор көп болууда. Кечирип койгула мени, мен эми кичинекей макимди алып алып ак үйгө барып сез көрсөтүшүм керекпи, же эмне ортого 84 жаштагы таяэнебизди салып жамандайлыбы тиги же бул күнөөлүү деп! Же мен бир сөз айтсам эле иш оңунан чыгып кетеби? Атамдын бүгүнкү күндөгү абалы мени да түйшүлтөт, абдан оор абалдабыз, бирок азыр тынч, ойлорду бир жерге топтоп, эч кандай провокацияга алдырбай, ойлонуп иш кылышыбыз керек. 7-8-августарда болгон окуяларга азыр баа берүүгө өтө эрте жана бул бааны бир же эки топтун сөзүнүн негизинде болбошу керек. Буйруса, укук коргоо органдары адилеттүү изилдеп калыс жана туура баа беришет деген үмүттөмүн! Сабырдуу бололу!, деген Сейтек Атамбаев фейсбуктагы өздүк баракчасына.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости