www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абаддын уйкучу губернатору Кыянбек Сатыбалдиев буюрса жыйында кенен уктап алмак болду. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жакындарын өзгөчө жакшы көрөрү тууралуу дудуктан башкасынан бары кеп кылып жатат. Ал айылдашы, арак десе так секирген, кулкуну чоң Кулматовду өзүнө кеңешчи кылып алган. Бул тууралуу кеп болот. Ал эми миллион долларды кулк этип жутуп коюп, кылмыш иши козголсо да басып коюп, Абылгазиевдин өз колунан айыл чарба министрин  алган Эркинбек Чодуев Абылгазиевге эмне берди болду экен? Бирге бирди кошо албаган сабатсыз, Балыкчыда склдад башчысы Жекшенов Талант Табылбекович түз эле “Кыргызкөмүрүн” башкарган кызматка барды. Абылгазиевдин убагында мындайларды күтсө болот. Бирок, элге иштеген адам керек эле.

Жалал-Абадка жөнөгөн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жалал-абаддыктар үчүн кызмат орду калбай калганын билет.Анда эмнеге барган жатат, эт жегениби? Ал облустун ички жолдорунун абалын текшерип, бир нече жалпы билим берүү мектептерин кыдырат имиш. Ошондой эле Чаткал жана Ала-Бука райондорунун ички чарбалык суу каналдарын көрүп чыгат. Мындан тышкары «Кичи-Чаарат» фабрикасынын ачылышына катышат.Ушул туура “Кичи-Чаараттан” бир дардаңдап тоюп алсын.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости