www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 7-8-августтагы окуялардын дагы бир активдүү катышуучусу 1990-жылы туулган жаран К.Р. кармалды.

Ар кайсы маалымат агенттиктериндеги таратылып жаткан УКМКнын ыкчам отрядынын кызматкери Үсөнбек Ниязбеков өзүнүн ок атуучу куралы-автоматынан атылды деген маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралу маалыматты ИИМдин басма-сөз кызматы билдирди.

Окуялардын жүрүшүндө алынган курал жарактардын бардыгына трассологиялык жана баллисстикалык экспертизалар дайындалды. Экспертизаныны жыйынтыктары азырынча даяр боло элек.

Белгилеп кете турган нерсе кармалган жарандын адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деген маалымат сотко чейинки өндүрүштун жүрүшүндө текшерилүүдө. Аны экспертизанын жыйынтыгы менен кошумча билдиребиз.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарын бардык өкүлдөрүнөн такталбаган жалган маалыматтарды жарыялоодон карманып турушуңуздарды суранат жана мамлекеттик ыйгарым маалыматтарды жарыялоону өтүнөбүз, -деп билдирди ИИМдин басма-сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости